• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандык окуучу Америка олимпиадасынын экинчи этабына өттү

Билим 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №61 мектеп-лицейинин окуучусу Жантай Жусупов Математика боюнча Америка олимпиадасынын (AMC 12) Кыргызстанда өткөн турунда биринчи орунду алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Олимпиадага Кыргызстандагы эң мыкты окуучулар катышкан. Жантай Жусупов бул көрсөткүчү менен олимпиаданын экинчи этабына (AIME) жолдомо алды.

Математика боюнча Америка олимпиадасы (АМС) Кыргызстанда 2019-жылдан бери уюштурулат. Бул Америкадагы математика боюнча улуттук олимпиаданын бирин туру болуп эсептелет. Жыл сайын сынакка дүйнөнүн 52 өлкөсүнөн 300 миңден ашуун окуучу катышат.

AMC – Математика боюнча эл аралык олимпиадага (IMO) алып барчу тизмектелген сынактардын биринчи туру болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий