• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандык окуучу Info(1)Cup программалоо боюнча эл аралык мелдеште алтын медаль жеңди

Билим 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. 11-13-февралда Info(1)Cup жеткинчектер арасында программалоо боюнча VI эл аралык мелдеш өткөрүлдү, - деп билдирет КР Билим берүү жана илим берүү министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, мелдешти Румыниянын Прахова округунун Алдыңкы тажрыйба борбору уюштурду.

Мелдешке дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн, атап айтканда, Армения, Болгария, Венгрия, Грузия, Египет, Испания, Италия, Кипр, Кыргызстан, Молдова, Россия, Румыния, Сирия жана Украинадан 16 жашка чыга элек 160 окуучу катышты.

Кыргызстандын командасында төмөндөгү окуучулар мелдешке катышып, курч атаандаштык жаратышты:

1. Байторо Майрамбеков, Талас шаарындагы «Манас-Ата» лицейинин 9-классынын окуучусу.

2. Айдар Мундузбаев, Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу.

3. Максат Темирбеков, Бишкек шаарындагы «Кут-Билим» окуу-тарбия комплексинин 9-классынын окуучусу.

4. Исхак Тажибаев, Бишкек шаарындагы «Кут-Билим» окуу-тарбия комплексинин 8-классынын окуучусу.

Мелдешке команданы «Сапат» лицейинен Кылычбек Урайымов, «Кут-Билим» окуу-тарбия комплексинен Манас Саматовдор даярдашкан.

Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандан Айдар Мундузбаев алтын медал жеңип алды.

Пикир

Оставить комментарий