• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык окуучулар физика боюнча эл аралык олимпиадада үч коло медалга ээ болушту

Билим 0

Бишкек, 13.11.21. /Кабар/. Кыргызстандык мектеп окуучулар Өзбекстандагы Ахмад аль-Фергани атындагы I физика боюнча эл аралык олимпиадада (IAFPhO 2021) үч коло медалды багындырышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызмат билдирди.

Эл аралык олимпиада 8-13-ноябрда Фергана шаарында онлайн жана офлайн форматтарда өттү.

Мелдешке кыргызстандык окуучулар офлайн форматта катышты. Жарышта жалпы 19 өлкөнүн окуучулары күчүн сынады. Олимпиада бардык санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоо менен өткөрүлдү.

Олимпиадага Кыргызстандын курама командасындагы 8 окуучуну мугалимдерден Садирбек Муратов, Доктурбек Кудашов жана Сүйүн Умаровалар коштоп барышкан.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча 11-класстын окуучулары: Денис Сапарбек уулу (Кадамжай), Нияз Жусупбеков (Жалал-Абад) жана Бекали Гартман (Чүй) коло медалдарды жеңип алышты.

Пикир

Оставить комментарий