• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык окуучулар химия боюнча Менделеев олимпиадасында байгелүү орундарды ээлешти

Билим 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 20-26-апрелинде мектеп окуучуларынын химия боюнча эл аралык Менделеев олимпиадасы онлайн форматта болуп өттү. 55-ирет өтүп жаткан бул олимпиадага Кыргызстандын 4 окуучусу катышты.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйынтыгында кыргызстандык окуучулар бир күмүш, бир коло медалга ээ болушту.

Атап айтканда, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу Камил Мамбетов күмүш медаль алса, Бишкек шаарындагы Е. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин 11-классынын окуучусу Надежда Ондрина коло медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, олимпиадага мектеп окуучуларын Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценттери Б. Боркоев, К. Салиева жана Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин химия мугалими М. Айтиевдер даярдап, команда мүчөлөрүнүн олимпиадага онлайн катышуусун камсыз кылышты.

Эске сала кетсек, химия боюнча мектеп окуучуларынын Менделеев олимпиадасы ири эл аралык мелдеш болуп саналат. Ал 1967-жылы Химия боюнча бүткүл союздук олимпиада катары СССРде алгачкы ирет өткөрүлгөн. Олимпиада үчүн тапшырмаларды бүт дүйнө жүзүнөн алдыңкы окумуштуу-химиктерден турган эл аралык калыстар тобу түзөт.

2021-жылы олимпиада онлайн-форматта өткөрүлдү. Олимпиадага 25тен ашуун өлкөнүн командалары катышты. Алардын арасында Австрия, Венгрия, Латвия, Литва, Эстония, Словакия, Болгария, Сербия, Израиль, Беларусия, Македония, Сирия, Сауд Аравиясы, Армения, Грузия, Иран, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстандын мектеп окуучулары бар.

Пикир

Оставить комментарий