• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык окуучулар Лютфи Заде атындагы эл аралык олимпиадада 5 медалга ээ болушту

Билим 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. Кыргызстандык окуучулар ушул жылдын 20-25-декабрында онлайн-форматта өткөн Лютфи Заде атындагы эл аралык олимпиадага катышышты. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, олимпиаданын жыйынтыгы боюнча төмөндөгү окуучулар математика боюнча медалдарды жеңип алышты:

1. Тилек Аскербеков, Чыңгыз Айтматов атындагы «Сапат» лицейинин окуучусу – күмүш медаль;

2. Талгат Бактыбеков, Жайыл Баатыр атындагы «Сапат» лицейинин окуучусу – коло медаль;

3. Фёдор Корнияш, Бишкек шаарынын Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучусу – коло медаль;

4. Эльдар Искандеров, «Газпром Кыргызстан» мектебинин окуучусу – коло медаль;

5. Нуртилек Дүйшөбаев, Чыңгыз Айтматов атындагы «Сапат» лицейинин окуучусу – коло медаль.

Окуучуларды олимпиадага «Газпром Кыргызстан» мектебинин жана Бишкек шаарынын Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин математика мугалими Мамат Ишматов жана Чыңгыз Айтматов атындагы «Сапат» лицейинин математика мугалими Азамат Аскаров даярдады.

Олимпиаданын негизги максаты – мектеп окуучуларын чыгаан азербайжан окумуштуусу Лютфи Заде жана анын илимге кошкон салымы менен тааныштыруу, ар кайсы өлкөлөрдүн таланттуу жаштарынын ортосунда достук мамилени жалгаштыруу, мектеп окуучуларын математиканы жана информатиканы тереңдетип өздөштүрүүгө кызыктыруу.

Пикир

Оставить комментарий