• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандык окуучулар Македониядагы олимпиадада байгелүү орундарга ээ болушту

Билим 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Кыргызстандык окуучулар Македонияда өткөн математика боюнча FMC 2020 олимпиада байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Олимпиада онлайн режимде өтүп, ага Кыргызстандан 35 окуучу катышты.

№61 физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучулары Жантай Жусупов күмүш, Эрбол Эсенгулов коло, жана “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу Элдар Искендеров коло медалдарды жеңип алышты.

Жеңишке жеткен окуучулар 2019-2020-жылдагы альтернативдик олимпиаданын жеңүүчүлөрү болуп саналат жана август айында Кыргызстандын курама командасы үчүн уюштурулган жайкы даярдоого катышкан. Курама команданы Мамат Ишматов, Мурат Абдувалиев, Амир Мохаммед-Али даярдаган.

Пикир

Оставить комментарий