• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандык окуучулар математика боюнча эл аралык олимпиадада үч медаль утту

Билим 0

Бишкек, 05.06.23 /Кабар/. Кыргызстандык окуучулар өспүрүмдөр арасындагы математика боюнча эл аралык Аль-Хорезми олимпиадасында алтын, күмүш жана коло медалдарга ээ болушту.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, олимпиада 9-майдан 4-июнга чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп, ага Азербайжан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 72 окуучу катышты.

Кыргызстан командасы:

1. Корнияш Фёдор, Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси – алтын медаль;
2. Акенеев Тимур, “Газпром Кыргызстан” мектеби – күмүш медаль;
3. Мусаходжаев Султан, Бишкек шаарындагы №70 окуу-тарбиялык комплекс мектеп гимназиясы – коло медаль;
4. Даниярова Мерида, Бишкек шаарындагы Intellect School жалпы билим берүүчү жеке мектеби – катышуучу;
5. Шакиралиев Адилет, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясы – катышуучу;
6. Сарыкбаев Саян, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясы – катышуучу;
7. Токтоназаров Амантур, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясы – катышуучу;
8. Айдаров Бектур, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясы - катышуучу.
Команданын машыктыруучусу: “Газпром Кыргызстан” мектебинин мугалими Мамат Ишматов.

Пикир

Оставить комментарий