• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандык окуучулар онлайн-олимпиадага катышууга чакырылат

Билим 0

Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. КМШ иштери, чет өлкөдө жашаган мекендештер, эл аралык гуманитрадык кызматташтык боюнча Федералдык агенттик жана Москва физикалык-техникалык институту 9-11-класстарда окуган кыргызстандык окуучуларды жыл сайын өтүүчү Phystech International олимпиадасына катышууга чакырат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигине Бишкек шаарындагы Россия илим жана маданият борборунан билдиришти.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аталган олимпиада Россия Федерациясынын сыртындагы чет өлкөлүк абитуриенттер үчүн өткөрүлөт.

Олимпиаданын максаты – окуучулардын профилдик дисциплиналарды терең үйрөнүүгө жана Россияда жогорку билим алууга кызыгуусун арттыруу.

Каалоочулар олимпиадага дароо эки же үч предметтен катышса болот: математика, физика жана биология.

Олимпиада эки этапта өтөт – онлайн жана финал. Финалдык этап бир убакта бир канча өлкөдө онлайн форматта өтөт.

Жеңүүчүлөр индивидуалдык упайларга ээ болушат. Ал упайлар Россия Федерациясынын Москва физика-математикалык институтуна тапшырууда жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн квотасынын алкагында мамлекеттик каржылоо алууда эске алынат.

Олимпиадага катышуу үчүн окуучулар https://phystech.international сайтында каттоодон өтүп, 2020-жылдын 29-ноябрына чейин тандоо этабынан өтүшү керек.

Финалдык этап 2020-жылдын 5-6-декабрында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий