• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстандык окуучулар Португалияда өткөн эл аралык физика боюнча олимпиадада коло медалга ээ болушту

Коом 0

Бишкек, 31.07.18 /Кабар/. Кыргызстандык мектеп окуучулары Португалияда өткөн 49-Эл аралык физика боюнча олимпиадада коло медалдарды жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Мектеп окуучулары арасындагы физика боюнча олимпиада 21нен 29-июлга чейин Лиссабондо өткөн. Ага 87 өлкөдөн барган окуучулар катышкан.

Олимпиадага Кыргызстандын атынан тандоо турунан өткөн 5 окуучу барган:

1. Өмүралиев Нурдөөлөт – “Силкроуд” мектеби, Бишкек шаары;

2. Мырзабеков Азамат – Х.Карасаев атындагы кыргыз-түрк лицейи, Каракол шаары;

3. Анарбеков Ырыскелди – 61-мектеп, Бишкек шаары;

4. Садиков Артур – “Силкроуд” мектеби, Бишкек шаары;

5. Абыкеев Азамат – Кыргыз-түрк лицейи, Талас облусу.

Олимпиадада ар бир күнү 5 саттан теоретикалык жана эксперименталдык турлар өткөн.

Эки турдун жыйынтыгы боюнча Азамат Мырзабеков жана Нурдөөлөт Өмүралиев коло медалды жеңип алышкан.

Ырыскелди Анарбеков жана Артур Садиков 4-орунду алышып, Ардак грамоталарга ээ болушкан.

Буга чейин Кыргызстандын командасынын катышуучулары Индонезия, Швейцария, Өзбекстанда өткөн эл аралык олимпиадаларга катышып, сыйлыктарга ээ болушкан.

Кыргызстандан барган топту Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин “Физика” кафедрасынын профессору Рая Султаналиева, аталган кафедранын окутуучусу Айнур Конушбаева жетектеген.

Пикир

Оставить комментарий