• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык оор атлетчи эл аралык мелдеште күмүш медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 11.02.20. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Эмиль Молдодосов оор атлетика боюнча эл аралык мелдеште күмүш медаль тагынды.

Мелдеш Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүүдө.

Молдодосов 81 кг чейинки салмакта катышып, күмүш байгеге татыды. Биринчи орунду өзбекстандык балбан жеңсе, коло медалды азербайжандык спортчу утту.

Белгилей кетсек, таймаш рейтингдик мелдеш болуп эсептелинет. Спортчулар жетиштүү упайларды топтоп, Токиодогу Олимпиада оюндарына жолдомо утууга мүмкүнчүлүк алышат.

Пикир

Оставить комментарий