• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык оор атлетчилер лицензиялык чемпионатка катышат

Спорт 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Оор атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасы Өзбекстан өтө турган лицензиялык чемпионатка катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 15-26-апрель күндөрү Ташкент шаарында болмокчу.

Чемпионатка Бекдөөлөт Расулбеков (102 кг) жана Эмил Молдодосов (89 кг) катышат.

Белгилей кетсек, спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий