• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстандык Павел Лузанов Катардагы стадиондун матч директору болду

Спорт 0

Бишкек, 17.11.22. /Кабар/. Кыргызстандык адис Павел Лузанов Катардагы “Ахмад бин Али” стадионунун матч директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-ноябрдан 18-декабрга чейин Катарда футбол боюнча 2022-жылкы дүйнө чемпионаты өтөт. Анда 32 улуттук курама команда башкы олжо үчүн талашка түшөт.

Оюндар Катардын Доха, Лусаил, Эль-Хаур, Эр-Райян, Эль-Вакра аттуу беш шаарынын сегиз стадионунда орун алат.

Кыргызстандык адис Павел Лузанов “Ахмад бин Али” стадионунун матч директору болуп дайындалды. Аталган көп функционалдуу арена Эр-Райян шаарында жайгашып, анын сыйымдуулугу 45 миң 350 көрүүчүгө ылайыкталган. Бул футболдук аренда турнирдин тайпалык этабынын АКШ - Уэльс, Бельгия - Канада, Уэльс - Иран, Япония - Коста-Рика, Уэльс - Англия, Бельгия - Хорватия беттештерин жана 1/8 финалдык оюнду кабыл алат.

“Мекендешибиз Азия футбольной конфедерациясынын (АФК) стратегия жана профессионалдык футбол боюнча башкармалыгынын директордун орун басары, андан тышкары ФИФА жана АФК эгидасы алдында өткөн көптөгөн континенталдык биринчиликтердеги зор тажрыйбага ээ”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий