• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандык педагог Астанада өткөн эл аралык фестивалда биринчиликти алды

Билим 0

Бишкек, 06.10.22. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №3 бала бакчанын директору Салтанат Кеңешчоро кызы Астана шаарында өтүп жаткан II Эл аралык педагогикалык чеберчилик фестивалында 1-орунга ээ болду.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, ал Казакстандын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган II Эл аралык педагогикалык чеберчилик фестивалынын экинчи этабына ушул жылдын март айынан июнь айына чейин өткөн сырттан окуу этабында жолдомо алган.

Аталган фестивалга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандан жалпы 51 өкүл катышты.

Белгилей кетсек, учурда Астана шаарында “КМШнын жаңы реалдуулукта билим берүүсү жана постпандемиядан кийинки мезгилде билим берүү процессинин трансформациясы” темасында мугалимдердин жана билим берүү кызматкерлеринин VII съезди өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий