• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык педагогдор Казакстанда өткөн сынакта биринчиликти багындырышты

Билим 0

Бишкек, 05.12.19. /Кабар/. Кыргызстандык педагогдор эл аралык сынакта биринчиликти багындырышты, - деп билдирет КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Казакстанда математика, физика жана информатика мугалимдери арасында VII эл аралык сынак өткөн.

Конкурска Кыргызстандын атынан Бишкек шаарындагы “Келечек MIT” жана №28 мектептин мугалимдери - Махамадхан Ишматов менен Юлия Костырева катышты.

"Кыргызстан командасы 103 катышуучунун ичинен 69 упай чогултуп, биринчи орунга ээ болушту. Эл аралык чыгармачылык сынагы “Казакстандын математика мугалимдеринин ассоциациясы” тарабынан 2012-жылдан бери уюштурулуп келет. Максаты – кадрларды даярдоо, мугалимдердин чыгармачылык жана кесиптик жөндөмдөрүн өнүктүрүү", - деп маалымдашты министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий