• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстандык Радион Хрипченко рейтингдик Дүйнө кубогуна катышат

Спорт 0

Бишкек, 12.04.21. /Кабар/. Заманбап спорттун беш түрү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Радион Хрипченко Болгариядагы рейтингдик Дүйнө кубогуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 7-11-апрель күндөрү (1-этап) жана 15-18-апрель күндөрү (2-этап) София шаарында өтөт.

Спортчуну башкы машыктыруучусу Виктор Мальцев коштоп барат.

Белгилей кетсек, спортчу жана машыктыруучу Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий