• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык Радион Хрипченко рейтингдик Дүйнө кубогуна катышат

Спорт 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Заманбап спорттун беш түрү (пятиборье — ред.) боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Радион Хрипченко Венгрияда өтө турган рейтингдик Дүйнө кубогуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 24-28-март күндөрү Будапешт шаарында өтөт. Спортчуну башкы машыктыруучусу Виктор Мальцев коштоп барат.

Белгилей кетсек, спортчу жана машыктыруучу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан Венгрияга жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий