• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык режиссердун "Кош бол" аттуу тасмасы Германиядагы фестивалда сыйлыкка татыды

Маданият 0

Бишкек, 07.05.19. /Кабар/. Кыргызстандык жаш режиссер Караш Жанышовдун "Кош бол" аттуу кыска метраждуу тасмасы Германиядагы эл аралык кинофестивалда сыйлыкка татыды.

Кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалы Оберхаузен шаарында (Германия) 1-6-май күндөрү болуп өткөн.

Анда калыстардын чечими менен "Кош бол" тасмасы калыстардын атайын сыйлыгына татыган.

Белгилей кетсек, Оберхаузендеги кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалы – ири фестивалдардын бири. Анын жеңүүчүсүнө "Оскар" сыйлыгына ат салышууга жол ачылат.

Буга чейин аталган тасма "Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" кинофестивалында жеңүүчү болгон.

Пикир

Оставить комментарий