• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык режиссердун тасмасы Лос-Анджелестеги кинофестивалда эки сыйлыкка татыды

Маданият 0

Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. Кыргызстандык режиссер Гүзель Дүйшенкулова “Келин таш” тасмасы үчүн Лос-Анджелестеги айым режиссерлер арасындагы эл аралык кинофестивалында жеңүүчү болду. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

“Келин таш” эки сыйлыкка татыды: “Эң мыкты кыска метраждуу көркөм тасма” жана “Мыкты аял режиссёр”. Кинонун сценарийи Топчүгүл Шайдуллаеванын баянынан алынган.

IMDb LA Independent Women Film Award сыйлыгы онунчу ирет өтүп, ага дүйнөнүн бардык аял режиссерлору катыша алат.

Пикир

Оставить комментарий