• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык Руслан Царев дүйнөдөгү эң күчтүү делген 10 спортчуга кошулду

Спорт 0

Бишкек, 8 - июнь /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Руслан Царев “Дүйнөлүк күрөш уюмунун” рейтинги боюнча дүйнөдөгү эң күчтүү 10 спортчунун арасынан 9-орунду ээледи.

Жаңыланган тизме Индиядагы Азия чемпионатынын жана Азербайжандагы Ислам тилектештиги оюндарынын жыйынтыктарынын негизинде жарыяланган.

Р. Царев 9-орунга грек-рим күрөшү боюнча 71 кг салмакка чейинки спортчулардын арасынан көтөрүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын май айында спортчу “Ислам тилектештиги” оюндарынан коло медаль утуп алган.

Делидеги Азия чемпионатынан коло медаль алган дагы бир мекендешибиз Нургазы Асангулов, 71 кг салмакта грек-рим күрөшүндө аталган уюмдун рейтинги боюнча 14-орунду ээлеген. Ал эми Каныбек Жолчубеков 11-орунга, Арсен Эралиев 13-орунга татыган.

Пикир

Оставить комментарий