• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык сүрөтчү Монголиянын жаңы президентинин сүрөтүн тартат

Коом 0

Бишкек, 22-июль /Кабар/. Мык менен жипти колдонуп өзгөчө сүрөт тарткан Кыргызстандык сүрөтчү Азамат Жаналиев Монголиянын жаңы президенти Халтмаагийн Баттулганын сүрөтүн тартуу үчүн Улан-Баторго жөнөп кетти. Бул тууралуу «ULUU KYRGYZ IZI» долбоорунун жетекчиси Альбина Бакырчакова билдирди.

7 жыл аралыгында 7 континентте, 70тен ашык мамлекетте 350 коллекциялык жана эксклюзивдүү дүйнөнүн тарыхый жана улуу адамдарынын сүрөттөрү тартылат.

Жаналиев заманбап искусствону колдонуп, «STRING-ART» ыкмасы менен “Достукту, тынчтыкты жана сүйүүнү” даңазалайт. Ал келечекте архитектор болот. Ошол эле учурда Азамат жазуучу, саякатчы жана «ULUU KYRGYZ IZI» долбоорунун негиздөөчүсү. Аталган долбоор бир катар багыттарда иш алып барат. Алардын эң негизгиси кайрымдуулук иштери жана жаш муунга инвестиция кылуу болуп эсептелет. Долбоорду автор өзүнүн чыгармалары аркылуу ишке ашырууну көздөйт.

Сүрөтчүнүн кийинки чыгармасы эки элдин достугуна арналат. Анда Азамат Монголиянын жаңы президентинин сүрөтүн мык менен жипти колдонуп тартып, аны менен Баттулганы жеңиши менен куттуктайт.

Буга чейин сүрөтчү Чыңгыз Айтматовдун, Ахмат-Хаджи Кадыровдун, Владимир Путиндин, Нурсултан Назарбаевдин, Петр Биринчинин жана Бириккен Араб Эмираттарынын шейхинин сүрөттөрүн тартканга жетишкен.

Автор 1-агустка чейин мык менен жиптен тартылган Монголиянын башчысынын сүрөтүн бүтүрүп, жалпы Кыргыз элинин атынан тапшырууну пландап жатат.

Пикир

Оставить комментарий