• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык Сайкал Акибаева "Colours of voice" эл аралык сынагында экинчи орунду ээледи

Маданият 0


Бишкек, 19.06.22. /Кабар/. 17-июнда Германияда өткөн "Colors of voice" эл аралык сынагында Кыргызстандан барган Сайкал Акибаева экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Сынактын жобосу боюнча Сайкал сынактын жеңүүчүсү катары 750 доллар жана атайын статуэтка менен сыйланат.

Сайкал учурда Кара -Балта шаарындагы балдар музыкалык мектебинде окуйт.

Эске салсак, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ушул жылдын апрель айында аталган сынакка катыштыруу максатында Сайкал Акибаеванын тиешелүү документтерин даярдап жөнөткөн.

Аталган эл аралык сынак жыл сайын дүйнө жүзүндөгү таланттарды чогулткан көп түрдүүлүк майрам болуп саналат. Сынак 2003-жылдан тарта өтүп келет. Быйыл сынак 19-жолу өтүп, ага 12-16 жаштагы музыкалык мектепте билим алып жаткан окуучулар катышты. Сынак Германиянын Гезеке шаарында болду.

Пикир

Оставить комментарий