• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстандык самбочулар Москвадагы дүйнө кубогунда алты медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 28.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Москва шаарында өткөн “Самбонун негиздөөчүлөрүнүнө арналган” дүйнө кубогунда байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Спорттук самбо боюнча (эркектер арасында):
1 орун – Жамалбек Асылбек уулу (88 кг);
3 орун – Кайрат Жусуп уулу (58 кг).

Күжүрмөн самбо боюнча (эркектер арасында):
2 орун – Бектур Идирисов (88 кг);
3 орун – Даниэль Асеков (58 кг);
3 орун – Бекназар Жээмырзаев (98 кг).

Спорттук самбо боюнча (кыз-келиндер арасында):
3 орун – Канышай Аманкулова (50 кг).

Эскерте кетсек, “Самбонун негиздөөчүлөрүнө арналган” дүйнө кубогу 24-27 март күндөрү Москва шаарында өтүп, ага 10 өлкөдөн келген спортчулар катышты.

Пикир

Оставить комментарий