• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык самбочулар Россияда өтчү Дүйнө кубогуна катышат

Спорт 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Россияда өтө турган “Самбонун негиздөөчүлөрүнүнө арналган кубокко” катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 24-27 март күндөрү Москва шаарында өтөт.

Курама команданын (спорттук самбо боюнча) тизмеси:

1. Кайрат Жусуп уулу – 58 кг;

2. Кимал Оболбеков – 58 кг;

3. Белек Бараканов – 64 кг;

4. Али Сагындыков – 64 кг;

5. Эламан Касымбаев – 71 кг;

6. Жандос Эсенгазиев – 71 кг;

7. Феликс Уланбеков – 79 кг;

8. Акунаалы Бейшенаалы уулу – 79 кг;

9. Жамалбек Асылбек уулу – 88 кг;

10. Шахриер Идрисов – 98 кг;

11. Сыймык Жапаров – 98+ кг.

Курама команданын (күжүрмөн самбо боюнча) тизмеси:

1. Мурзабек Үсөн уулу – 58 кг;

2. Даниэль Асеков – 58 кг;

3. Саяк Бакраканов – 64 кг;

4. Баэль Эргешалиев – 71 кг;

5. Замир Калмурзаев – 71 кг;

6. Абдувахаб Абдуллаев – 79 кг;

7. Бектур Идирисов – 88 кг;

8. Сыргак Арстанбек уулу – 88 кг:

9. Бекназар Жээмырзаев – 98 кг;

10. Таласбек Нуралиев – 98+ кг.

Курама команданын (кыз-келиндер) тизмеси:

1. Канышай Аманкулова – 50 кг;

2. Аида Асанбекова - 59 кг;

3. Эльза Абдыкадырова – 59 кг;

4. Мираида Медет кызы – 65 кг.

Самбо боюнча улуттук курама команданын машыктыруучулары:

Башкы машыктыруучу - Азамат Казакбаев;

Улук машыктыруучу - Илгиз Каналбек уулу,

Машыктыруучу - Андрей Тупик.

Белгилей кетсек, самбо боюнча эл аралык “Анатолий Харлампиев мемориалы” атындагы турнир 1980-жылы негизделген. 2022-жылдан бери турнир “Самбонун негиздөөчүлөрүнүн кубогу” деп аталып келет. Алар Анатолий Харлампиев, Василий Ощепков жана Виктор Спиридонов.

Пикир

Оставить комментарий