• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык Сергей Грищенко Азия кубогу – 2019 оюндарында калыстык кылууга укук алды

Спорт 0

Бишкек, 06.11.18 /Кабар/. Футбол калысынын ассистенти Сергей Грищенко алдыдагы Азия кубогу – 2019 оюндарына катышат. Анын дайындалышы тууралуу расмий ырастоо Азия футбол конфедерациясынан келген.

КРнын футбол федерациясынан билдиришкендей, Сергей Грищенко мелдеште иш алып бара турган расмий адамдардын катарында Кыргызстандан жалгыз өзү болот.

Белгилей кетсек, ал 2018-жылы ФИФА уюмунун төш белгисин алган.

Азия кубогу 2019-жылы 5-январдан 1-февраль аралыгында өтөт. Мелдешке 24 курама катышат. Кыргызстандын курамасы бул мелдешке алгачкы ирет катышканы турат.

Пикир

Оставить комментарий