• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстандык шахматчы эл аралык турнирде алтын алды

Спорт 0

Бишкек, 16.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык шахматчы Семетей Төлөгөн тегин Россиядагы “Мемориал А.Н.Панченко — 2017” эл аралык турниринде алтын алды. Бул тууралуу КР шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов билдирди.

Турнир Челябинскде 7нен 15-октябрга чейин өттү.

Турпановдун айтымында, Семетей Төлөгөн тегин Россия, Украина, Чехия жана Сербиянын 10 эл аралык чеберлеринин арасындагы мелдешке катышкан.

Катышуучулар 9 тур ойношту. Төлөгөн тегин 8 жеңишке жетишип, 7-турда гана украиналык шахматчы Вячеслав Борисенкого уттурган.

8,5 упай менен Семетей 1-орунду ээледи. В.Борисенко 2,5 упай алып 2-орунга, россиялык Сергей Дрыгалов 3-орунга чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий