• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык шахматчы Казакстанда өткөн турнирде күмүш медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 15.10.19 /Кабар/. Кыргызстандык Медет Жапаров Казакстанда өткөн эл аралык Almaty Open 2019 турниринде күмүш медаль утту. Бул тууралуу эл аралык шахмат Федерациясынын сайтында маалымдалат.

Оюндар 7нен 14-октябрга чейин Алматы шаарында өттү.

Жапаров “В” категориясында 128 спортчунун арасында ойноп, 7,5 упай топтоп, экинчи орунду ээлеген.

Ал эми жеңүүчү болуп казакстандык Нурбек Хайрошев аталган. Ал эми үчүнчү орунду кказакстандык Эдгар Мамедов ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий