• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандык шахматчылар Азия биринчилигинде 3 медаль багындырышты

Спорт 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар кызыккандар арасында шахмат боюнча Азия биринчилигине катышты. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 8-15-ноябрда Непалдын Катманду шаарында өттү.

Кыргызстандык шахматчылар эки алтын жана бир коло медаль багындырышты.

Исламбек Байсынов 1800-1999 рейтингинде катышып, биринчи орунга татыды. Баел Орунбаев 16 жашка чейинкилер арасында алтын медаль утуп алды. Нурлан Шергалиев 1000 – 1499 рейтингинде коло медалды көкүрөгүнө тагынды.

Пикир

Оставить комментарий