• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандык сиңдисинин паспорту менен Өзбекстанга кетүүгө аракет кылган

Коом 0

Бишкек, 19.04.18. /Кабар/. “Кадамжай-унаа жолу” көзөмөл-өткөрмө жайында чек арачылар башка бирөөнүн паспорту менен чек арадан өтүүгө аракет кылган 1958-жылкы А.Д., аттуу КР жаранын кармашкан. Бул тууралуу МЧКнын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, паспорт текшерүү маалында ал 1964-жылы туулган Б.Д., аттуу жарандын документин көрсөткөн. Натыйжада ал документтер кармалган жаранга таандык эмес экендиги аныкталган.

Сурамжылоо маалында А.Д., жарандын паспорту жок экендигин жана өзүнүн кичүү сиңдисинин паспорту менен үй-бүлөлүк иш-чарага катышуу үчүн Өзбекстанга чыгууга аракет кылгандыгын билдирген.

Тиешелүү документтер чогултулган соң, А.Д., аттуу жаран КР ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий