• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык өспүрүмдөр арасындагы дзюдо боюнча Европа чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 04.04.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. 17 жаштагы кыргызстандык Рамазан Атазов өспүрүмдөр арасындагы дзюдо боюнча Европа боюнча чемпиону болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине анын агасы Шайлообек Атазов билдирди.

Анын айтуусунда, жээни кечээ 50 кг салмактык категория боюнча Европа Кубогун утуп алган. Чемпионат Россиянын Тула шаарында өтүп жатат.

Турнирге 18 өлкөдөн келген спортчулар катышты.

Рамазан Атазов 12 жашынан бери Москва шаарында жашайт. Спорт менен 10 жашынан тарта машыгып келет.

Пикир

Оставить комментарий