• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык спортчу ардагерлер арасындагы мелдеште коло медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 24.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык самбочу Мурат Баймулдинов ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан кабарлашы.

Маалыматка ылайык, мелдеш 21нен 23-октябрь күндөрү Салоник шаарында (Греция) өткөн. Анда 18өлкөдөн келген 270 спортчу катышкан.

Кыргызстандын атынан үч спортчу барган: Талас Бегалиев (74 кг чейин), Мурат Баймулдинов (74 кг чейин), Абакир Рысов (100 кгсейин ) жана рефери Александр Ларионов.

50-54 курактагы спортчу арасында 74 кг салмактык категория боюнча Мурат Баймулдинов үчүнчү орунду ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий