• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык спортчу эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде коло медаль утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 15.10.18. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Икромжон Хаджимуродов Россиянын Нефтеюганск шаарында өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде үчүнчү орунду алды. Бул тууралуу Россиянын спорттук күрөш федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 15 өлкөдөн келген балбандар Россиянын спорттук күрөш федерациясынын вице-президенти Владимир Семеновдун байгелери үчүн ат салышкан.

Хаджимуродов 61 килограммга чейинки салмак категориясына катышкан. Чейрек финалда россиялык Артём Гебековдон жеңилип калып, азербайжандык Руслан Гасимовду уткан.

Пикир

Оставить комментарий