• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык спортчу Ислам тилектештиги оюндарында “алтын” алды

Спорт 0

Бишкек, 20-май /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Муслим Евлаев Бакуда өткөн Ислам тилектештиги оюндарынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

М.Евлаев эркин күрөш боюнча 74 кг чейинки салмак категориясында финалга чыккан. Финалдык беттешүүдө ал Түркиянын спортчусу Сонер Демиртасты жеңип, алтын медаль алды. Бул алтын медаль Кыргызстандын курама командасы үчүн Оюндардагы үчүнчү алтын болду.

Жалпысынан учурда Кыргызстандын курама командасынын эсебинде 13 медаль - 3 алтын, 3 күмүш жана 3 коло бар.

Пикир

Оставить комментарий