• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык спортчу Казакстанда ок атуу боюнча мелдеште коло утту

Спорт 0

Бишкек, 24.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык Аскат Токмоков Казакстанда өткөн эл аралык ок атуу мелдешинен коло медаль утту. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Шымкентте 20нан 23-октябрга чейин салттуу СССР спорт мастери Владимир Почиваловдун мелдеши өткөн. Анда Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан 250гө жакын спортчу катышкан.

Аскат Токмок 10 метрге пневматикалык уралдан ок атуу боюнча үчүнчү орунду ээлеген.

Маалыматка ылайык, бул мелдеш Японияда өтчү Азия чемпионатына даярдык.

Пикир

Оставить комментарий