• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык спортчу ММА боюнча турнирде атаандашы менен беттешпей туруп жеңишке жетти

Спорт 0

Бишкек, 29.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык Бексултан Өмүрзаков Азербайжанда өткөн ММА боюнча Ultimax Fight Night турниринде чемпиондук курдун ээси болду. Бул тууралуу социалдык тармакта анын машыктыруучусу Кенжебек Чекиров билдирген.

Турнир Баку шаарында 28-июль күнү өткөн.

Машыктыруучунун айтымында, кыргызстандык спортчу 90 кг чейинки салмак ченинде ирандык спортчуга каршы беттешке чыкмак. Белгисиз себептерден улам ирандык спортчу акыркы мүнөттөрдө рингге чыгуудан баш тарткан.

"Биз 100% жакшы беттеш көрсөтүүгө даяр элек. Бул чемпиондук кур Кыргызстандын ММА тармагын өнүктүрүүгө кичине салым болсун", - деп жазат машыктыруучу.

Пикир

Оставить комментарий