• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандык спортчу Москвада өткөн турнирде эки алтын медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 08.11.17 /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстандык балбан Абдурахманхаджи Муртазалиев Москвада өткөн джиу-джитсу боюнча эл аралык турнирде эки алтын медаль утту. Бул тууралуу балбан өзү кабарлады.

Абдурахманхаджи Муртазалиев 85 кг салмактык категорияда мыкты аталып, абсолюттук мелдешке чыгып, ал жактан экинчи алтын медалды уткан.

“Абсолюттук категорияда бардык байгелүү категорияларда алдыга чыккан балбандар кармашат”,-деп түшүндүрдү Муртазалиев.

Турнир Москвада 5-6-ноябрь күндөрү өткөн.

Пикир

Оставить комментарий