• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык спортчу пауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогунда “күмүш” медаль утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 1-март /Кабар/. Эсен Калиев мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында пауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогунда күмүш медаль утуп алды. Бул тууралуу КРнын улуттук паралимпияда комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын пауэрлифтинг боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү 27-февралдан 4-мартка чейин Дубайда өтүп жаткан пауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогунда ат салышууда.

“59 кг чейинки салмактык категорияда жатып көтөрүүдө Эсен Калиев 168 кгды көтөрүү менен күмүш медалды утуп алды. Биринчи орунду Иорданиядан келген спортчу Мухаммад Торбаш 172 кг көтөрүп ээлесе, 3-орунду 160 кг көтөргөн Украиналык Корчинск Руслан алды”,-деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын дагы бир өкүлү Эшонкулов Ражабали 59 кг категорияда 128 кг салмакты көтөрдү.

Пикир

Оставить комментарий