• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандык спортчу самбо боюнча дүйнө чемпионатында экинчи орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 10.11.18 /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Дайырбек Карыяев Румыниянын Бухарест шаарында өтүп жаткан самбо боюнча дүйнө чемпионатында экинчи орунду багындырды.

Ал 74 килограммга чейинки салмак категориясында күрөшкөн. Финалда украиналык Владислав Рудниевден утулуп калган. Бул тууралуу Эл аралык самбо федерациясынын сайтында кабарланды.

Ушул эле салмакта коло медалды россиялык Заур Азизов жана монголиялык Амартувшин Хухенху алышкан.

Пикир

Оставить комментарий