• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык спортчу ушу боюнча мелдеште коло медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 04.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Талантбек Акматов Казань шаарында өткөн ушу боюнча XIV дүйнө чемпиондугунда коло медаль утту. Мелдеш 28-сентябрдан 3-октябрга чейин өткөн.

Турнирдин расмий сайтында маалымдалгандай, мелдеш биринчи жолу Россияда өткөрүлүп, 64 өлкөдөн 900 жакын спортчуну чогулткан. Уюштуруучулардын айтымына караганда мелдеш өлкөлөдүн жана катышуучулардын көптүгү менен эсте калды.

Кыргызстандык спортчу Талантбек Акматов саньда боюнча 80 кг салмактын категория боюнча беттешке чыгып, коло медаль уткан.

Пикир

Оставить комментарий