• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык спортчу жиу-житсу боюнча АКШда өткөн чемпионатта күмүш утту

Спорт 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Абдурахманхаджи Муртазалиев АКШда өткөн жиу-житсу боюнча панамерикалык чемпионатта күмүш медаль утуп алды. Бул тууралуу ал инстаграмдагы жеке баракчасына жазган.

“Панамериканын ачык чемпионатына үчүнчү жолку катышуумда финалист болдум. Бул жолдо мага жардам берген бардык адамдарга, менин командама чоң рахмат”, - деп жазган Муртазалиев.

Турнир 16-сентябрда Нью-Йоркто No Gi (кимоносу жок) дисциплинасында өткөн.

Финалда кыргызстандык спортчу бразилиялык Алессандро Боргоново менен кармашкан. Күрөштүн негизги убактысы 0:0 менен бүткөн, бирок калыстар бразилиялык спортчуга артыкчылык беришкен.

Пикир

Оставить комментарий