• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жыргал Орозбаев пауэрлифтинг боюнча Дүйнө кубогунда күмүш медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 12.09.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Жыргал Орозбаев пауэрлифтинг боюнча Дүйнө кубогунда күмүш медаль утту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш таяныч-кыймыл аппаратынын бузулуулары бар спортчулар арасында Дубай шаарында өтүп, кыргызстандык паралимпиадачы 107 килограммга чейинки салмак ченинде күчүн сынаган.

Жарышта ал алгач 202 салмакты көтөргөн. Экинчи жолу 205 килограмм көтөрүп, бирок калыстар аны эсепке алган эмес. Акыркы аракетинде ал 206 килограмм көтөрүп, күмүш медаль алууга жетишкен.

Ал эми биринчи орунга монголиялык Содномпилджи Энхбайар (240 кг) ээ болсо, коло медалды ирандык Аббас Наисан (203 кг) жеңип алган.

Эскерет кетсек, буга чейин бул мелдеште кыргызстандык Азизбек Замирбек уулу коло медаль тагынган.

Пикир

Оставить комментарий