• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандык спортчулар "Азия балдары" эл аралык спорт оюндарында 8 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 08.08.22. /Кабар/. Россиянын Владивосток шаарында өткөн “Азия балдары” эл аралык спорт оюндарына катышкан кыргызстандык спортчулар кайтып келишти. Бул тууралуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар спорттун 5 түрү боюнча катышып, 8 медаль жеңип алышкан:

- ок атуу – 1 алтын, 1 – күмүш, 1 – коло;

- таэквондо WTF – 1 күмүш; 1 – коло;

- самбо – 1 коло;

- күрөш – 1 коло;

- мини-футбол – 1 коло.

Спортчуларды алардын жакындары, журналисттер, ошондой эле Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын алдындагы олимпиадалык эмес спорт дирекциясынын жетекчиси Улан Эралиев тосуп алды. Ал спортчуларды куттуктап, мындан ары да ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, оюндар 28-июлдан 7-августка чейин Россиянын Владивосток шаарында өткөн. Мелдешке 13 өлкөдөн 13-16 жаштагы спортчулар катышты. Оюндарга Кыргызстандан тышкары Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Монголия, Армения, Иран, Индия, Ооганстан, Ливан, Пакистан жана Таиланд мамлекеттеринин өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий