• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандык спортчулар Азия биринчилигинде 2 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 25.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Өзбекстанда өткөн Азия биринчилигинде кыргызстандык спортчулар карате түрү боюнча 2 медаль утушту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Биринчилик 17-21-июль аралыгында Ташкент шаарында өткөн. Эки машыктыруучунун жетекчилиги астында Кыргызстандын атынан 15 спортчу катышкан.

Мелдештин "Кумитэ" түрүнүн жыйынтыгында кыргызстандык команданын куржунунда бир күмүш, бир алтын медаль топтолгон.

Күмүш байгени кыргызстандык Рафаел Акбаров жеңип алды. Алгачкы беттешинде Иорданиядан келген Ахмад Мухамед Фахедди 5:3 эсебинде, кийин непалдык Пудасани Раживди 2:0 эсебинде уткан. Жарым финалда кытайлык Ан Бохиангом менен чыгып, 3:2 эсебинде утулуп жаткан. Бирок таймаш бүтөөрүнө 30 секунд калганда кытайлык спортчу жаракат алганына байланыштуу таймашты токтотууга аргасыз болгон.

Мындан улам, Рафаел Акбаров финалга чыккан. Финалдык беттеште өзбекстандык Садриддин Сайматовго 6:2 эсебинде жеңилип калган.

Кымбат Тойтонова 61 кг чейинки салмак ченинде коло байгеге ээ болду. Тойтонова Түндүк Кореядан келген Ко Джи Рюнду (1:0) утуп, бирок, кытайлык Инь Сяоянга (0:4) утулуп калган.

Пикир

Оставить комментарий