• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандык спортчулар джиу-джитсу боюнча Азия чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 3-август /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Спорттун джиу-джитсу түрү боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия чемпионатына катышат.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдиргендей, таймаш Вьетнамдын Ханои шаарында 11-14-августка чейинки аралыкта өтөт.

Команданын курамына 22 жаштан 29 жашка чейинки 5 спортчу кирген.

- Бекаяр Эгембердиев, 1995-ж.
- Бектур Тыныбеков, 1992-ж.;
- Муртазали Муртазалиев, 1988-ж.

- Нуркалый Мирланов, 1993-ж.;
- Эржан Турускельдиев, 1993-ж.

Маалымдалгандай, Азия чемпионатына катышуу үчүн, дирекциянын бюджетинен 313 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий