• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык спортчулар дзюдо боюнча Азия кубогунда 19 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча Азия кубогу үчүн мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу эл аралык Дзюдо федерациясынын сайтында жарыяланды.

Мелдеш 5-6-октябрь күндөрү өтүп, ага 6 өлкөнүн спортчулары катышты.

Кыргызстандын курамасы 5 алтын, 6 күмүш жана 8 коло медаль багындырышты.

Мелдештин биринчи орундарын Анарбек Ишенбаев (90кг), Айбек Абибеков (100 кг), Сыймык Жапаров (100 кг жогору), кыздар арасында Мырзайым Дүйшөбекова (52кг) жана Шахида Нурмухамедова (78кг жогору) алышты.

Күмүш байгеге Артур Апышов (66кг), Алманбет Мамадаиров (100кг), Алиман Маликова (52кг), Назгүл Дамиров (57кг), Айчүрөк Молдокматова (70кг), Уланай Салиева (78кг жогору) татыды.

Үчүнчү орунга Байбол Саламат уулу (66кг), Амантур Жумалы уулу (81кг), Дастан Сарбатов (100 кг жогору), Айсулуу Мусакулова (48кг), Сауле Алмазова (52кг), Сабрина Жаныбек кызы (57кг), Диана Хан (57кг) жана Ажар Исаева (63кг) илинди.

Пикир

Оставить комментарий