• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандык спортчулар Грециядагы эл аралык турнирде коло медаль алышты

Спорт 0

Бишкек, 12-апрель /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Грециядагы WDSF International Open-2017 спорттук кече бийлери боюнча эл аралык турнирде коло медаль алышты. Бул тууралуу КР спорт бийлеринин федерациясынан билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, турнир 9-апрелде Салоникиде өтүп, 15 өлкөдөн 40 жуп катышты. Алар - Греция, Румыния, Молдавия, Сербия, Болгария, Италия жана башка.

“Чоңдор Латина (Ачык класс)” категориясында Кыргызстандык жуп Алексей Кибкало жана Татьяна Когадей финалда 3-орунду ээлеп, Румыния жана Молдованын спортчуларына жеңилип, коло медаль алышты",-деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий