• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстандык спортчулар IV Ислам тилектештиги оюндарына катышат

Спорт 0

Бишкек, 12-апрель /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын спорттун ар кандай түрлөрү боюнча курама командалары Азербайжандагы IV Ислам тилектештиги оюндарына катышат. Бул тууралуу КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, оюндар 2017-жылы 12-22-майда Баку шаарында өтөт.

IV Ислам тилектештиги оюндары спорттун 21 түрү боюнча өтөт. Алар: баскетбол 3x3, бокс, күрөш, суудагы поло, волейбол, гандбол, дзюдо, зорхана, карате, жеңил атлетика, сууда сүзүү, сууга секирүү, үстөл тенниси, спорттук гимнастика, ок атуу, теннис, таэквондо, оор атлетика, ушу, футбол жана көркөм гимнастика.

Оюндарга 3 миңден ашык спортчу жана 49 улуттук олимпиадалык комитеттердин расмий адамдарынын катышуусу күтүлүүдө.

Исламиадага киргизилген спорттун 21 түрүнүн ичинен Кыргызстан 11 түрү боюнча катышат.

Пикир

Оставить комментарий