• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык спортчулар күрөш боюнча Азия чемпионатында 11 медаль алды

Спорт 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар күрөш боюнча Азия чемпионатында 11 медаль багындырышты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Чемпионат 18-23-февралда Нью-Дели шаарында өттү.

Кыргызстандын куржунунда эки алтын, үч күмүш жана алты коло медаль бар.

Грек-рим күрөшү боюнча Азат Саладинов (87 кг) жана Жоламан Шаршенбеков (60 кг) күмүш байгени алса, колону Иляз Ренат уулу (77 кг), Роман Ким (130 кг) жана Руслан Царев (72 кг) утушту.

Кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова (62 кг) үчүнчү орунга илинди. Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш медалды көкүрөгүнө тагынды.

Эркин күрөш боюнча Улукбек Жолдошбеков (61 кг) жана Арсалан Будажапов (79 кг) Азиянын чемпиону болушту. Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг) жана Исламбек Орозбеков (70 кг) коло медаль алды.

Пикир

Оставить комментарий