• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык спортчулар кол күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде 6 медаль багындырышты

Спорт 0

Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. Румыния шаарындагы кол күрөш боюнча өткөн дүйнө биринчилигинде кырнызстандык спортчулар бир алтын, төрт күмүш жана бир коло медаль утушту. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Айбек Бакасов билдирди.

Мелдеш 26-октябрда башталып 4-октябрда жыйынтыкталган.

Румыниянын Констанца шарында кол күрөш боюнча 41-дүйнө биринчилиги жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында кол күрөш боюнча 22-дүйнө биринчилиги болуп өттү. Мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында кол күрөш боюнча биринчиликте Алиев Нурбек 60 кг чейинкилер арасында 2 күмүш медалды жеңген (сол жана оң кол). Ошондой эле Жибек Каратаева кыз-келиндер арасында оң колу менен күрөшүп алтын утса, сол колунда күмүш байгени жеңген.

Аскат уулу Өткүр 50 кг чейинки салмакта сол колу менен күрөшкө түшүп күмүш медалды жеңди. Акматов Бексултан 90 кг чейинкилер арасында коло байгеге татыды.

Спорттун олимпиадалык эмес түрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Айбек Бакасов кол күрөш биринчилигине 1800дөн ашык спортчу катышканын белгилеп өттү.

"Румынияда болгон кол күрөш мелдешинде Кыргызстандын курамасы ийгилик жаратты. Жалпысынан 16 спортчу катышты. Мелдешке 50дөн ашык мамлекет, 1800дөн ашык катышуучу барган. Алардын ичинен кыргыз кызы дүйнө чемпиону аталды. Биринчилик аябай жогорку деңгээлде өттү, мелдеш оор болду. Күчтүү делген спортчулардын арасында суурулуп чыгуу кыйынга турат. Ага карабай биздин спортчулар жеңишти камсыздады" - дейт Бакасов.

Айбек Бакасов белгилегендей, кол күрөш спорту өнүгүп келе жаткан спорт түрүнө кирет.

Машыктыруучу Каныбек Эсенгелдиевдин айтымында, 16 спортчунун сегизи жөнөкөй спортчулар, калган сегизи мүмкүнчүлүгү чектелгендер.

"Бул биз катышып жаткан биринчи мелдешибиз эмес. Негизинен өтө оор болду. Быйыл бир эле алтынга ээ болуп калдык. Мелдешке Кыргызстандын атынан 16 спорчунун сезиги жөнөкөй адамдар, сегизи мүмкүнчүлүгү чектелгендер катышты", - деди машыктыруучу.

Ал эми 50 кг чейинки салмакта сол колу менен күрөшүп күмүш байге уткан Асхат уулу Өткүр аталган биринчиликке үчүнчү жолу катышып жатканын белгилеп өттү.

"Бул мелдешке 3-жолу катышып, күмүш медалды жеңдим. Негизинен Түркия, Грузиянын жана Казакстандын спортчулары күчтүү экенин байкадым. Спорттун бул түрүнө досум менен келгем. Ошондо16 жашымдан бери катышуудамын" – деди Асхат уулу Өткүр.

Кыз-келиндер арасында 19-21 жаш арасында оң колу менен күрөшүп алтын медалды уткан Жибек Каратаев мектепте окуп жүргөндө кол күрөшкө кызыкканын айтат

"Кол күрөшкө кичинекей кезимде кызыгып калгам. Анда мектепте окуп жүргөндө досум менен кол күрөшө берчүмүн. Шаарга келип спорттун бул түрүнө катыша баштадым. Мелдеште эң күчтүү орус кызы болду. Аны утуп туруп алтын медалга татыдым", - дейт Жибек Каратаев.

Пикир

Оставить комментарий