• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык спортчулар оор атлетика боюнча эл аралык мелдеште 16 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. Бишкекте Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөн жарышка 156 спортчу катышты. Кыргызстандык спортчулар жалпы жонунан 16 медаль утушту.

Мелдештин жеңүүчүлөрү: Ишенбек Муратбек уулу 61 кг чейинки салмакта (229 кг), Эмил Молдодосов – 81 кг чейинки салмакта (327 кг), Бекдөөлөт Расулбеков – 102 кг чейинки салмакта (367 кг), кыздар арасында Зухра Курманаева – 55 кг чейинки салмакта (156 кг), Раушан Чолпонбек кызы – 64 кг чейинки салмакта (170 кг) чемпион аталды.

Күмүш байгени Анвар Ысманов (292 кг), Сергей Комушев (312 кг), Аскар Арзымбаев (249 кг), Галина Куслина (134 кг) жана Канымжан Алмазбек кызы (154 кг) жеңди.

Ал эми, коло байгеге Рустам Тажидинов (290 кг), Алекс Московцев (295 кг), Бексут Жолдосалиев (267 кг), Бегулан Мырсабеков (244 кг), Анастасия Понамарева (65 кг) жана Кенжегүл Сатылганова (80 кг) татыды.

Эскерте кетсек, мелдеште Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген спортчулар күч сынашкан.

Пикир

Оставить комментарий