• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык спортчулар Паралимпиада оюндарынын ачылышына катышты — сүрөт

Спорт 0


Бишкек, 25.08.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын курама командасы Токиодогу XVI Паралимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Спорттун олимпиадалык эмес түрү боюнча дирекциясынын маалымат кызматы билдирди.

Паралимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан пара-жеңил атлетика боюнча (ядро ыргытуу) Арыстанбек Базаркулов жана азиз спортчулар арасында пара-дзюдо боюнча Хайитхон Хусан кызы (57 кг) катышат.

Арыстанбек Базаркулов 4-сентябрда Бишкек убактысы боюнча саат 12:35те, ал эми Хайитхон Хусан кызы 28-августта Бишкек убактысы боюнча саат 13:30да күчүн сынайт.

Пикир

Оставить комментарий